Садыр Жапаровду Парижде Садык Шер-Нияз тосуп алды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров кечээ, 9-ноябрда Париж шаарына барды.

Мамлекет башчысынын борту «Шарль-де-Голль» эл аралык аэропортуна конду. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Президенттик администрация тараткан сүрөттөрдөн өлкө башчыны аэропортто Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз тосуп алганын көрүүгө болот.