Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын борту Худжанд эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.
Худжанд шаарынын Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, Ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Кыргызстандын президентин тосуп турушту. Андан кийин мамлекет башчылары үчүн кыскача концерттик программа тартууланды.
Сапардын алкагында, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын үч тараптуу саммитин өткөрүү пландаштырылууда, анын негизги максаты Үч өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюу, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө мындан аркы кызматташууну бекемдөө болуп саналат. Мындан тышкары, үч мамлекет башчынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.