Садыр Жапаровдун Ак-Ордо конушуна барышы боюнча депутат: «Аким, министрлерде коркунуч пайда болду»

Ак-Ордодо үйү сүрдүрүлгөн аялдын видеосу соцтармакта тарап, резонанс жараткан соң президент өзү барып ага жолукту. Окуучунун мугалимди шылдыңдаган видеосунун окуясында да министр өзү баш болуп мектепке барды. Маселени чечүүнүн башка жолдору бар беле? Депутаттарга кайрылып көрдүк.

Депутат Алишер Козуевдин айтымында, президенттин конушка барганы жакшы көрүнүш. «Ал барып, 1 эле эмес, 15 миң адамдын маселесин чечип келди. Канчалаган адамда үмүт пайда болду. Район акимдеринде, губернаторлордо, министрлерде коркунуч пайда болду деп билем. Мен бул демилгени колдойм», — деди ал.