Садыр Жапаровдун БАЭге барган сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаров кечээ, 31-октябрда Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту.

БАЭ президенти бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоого жардам берерине бекем ишенерин билдирди. Ал Кыргызстан менен өз ара кызматташууга кызыкдар экенин айтып, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен иштерди жандандырууну сунуштап, буга бүгүнкү кол коюлуп жаткан документтер көмөкчү болорун кошумчалады.

Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы соода көлөмү ушул жылдын 8 айында 69 миллион долларды түзгөнүн айтып, ал ар жыл сайын өсүп жатканын, тараптар мындай жакшы динамиканы келерки жылдарда күчөтө алышарын баса белгиледи. Ал соода-экономикалык алакадагы башка жакшы саамалыктарды – быйыл БАЭге экологиялык таза этти жана ичүүчү таза сууну экспорттоо башталганын, жакын арада Дубай жана Ош шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу мерчемделип жатканын, туризм тармагында сезилерлик өнүгүү бар экенине токтолду. Президент эмираттык инвесторлорду Кыргызстанда аймактык авиахаб түзүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Мындан сырткары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион долларга чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык капиталы 100 миллион доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания уюштуруу боюнча өнөктөштүк мамиле жана расмий келишимдер түзүлдү.