Садыр Жапаровдун дебатка келбей коюусу сындалууда

Кечээ, 29-декабрда президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясында өтүп жаткан дебатка келген жок. Алпаруучулардын айтымында, аты аталган эки талапкер бир күн мурда шайлоочулар менен белгиленип калган жолугушуулардан улам телетаймашка катыша албастыгын билдиришкен. Дебат Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Мыктыбек Арстанбек жана Эльдар Абакировдун катышуусунда өттү.

Өзүн “Кудай” деп жар салган Арстанбек Абдылдаев же Арстан Алай Садыр Жапаровдун телетаймашка онлайн режимде катышуусун сурады, алпаруучу техникалык жактан мындай форматты уюштура албасын айтты. БШК бекиткен эрежеге ылайык, талапкерлер студияга келиши керектиги да эскертилди.

Президенттикке талапкерлеринин башкы фавориттеринин бири катары саналган Садыр Жапаровдун дебатка келбей коюусу социалдык тармактарда сын пикирлерди жаратып, анын мындай кадамы бир гана атаандаштарын эмес, шайлоочуларды да сыйлабастык болуп калды деп жазышты.