Садыр Жапаровдун эскертүүсү аткарылды. Айрым министрлер арыз жазбай калганы маалымдалды

Президент Садыр Жапаров буга чейин бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга санариптештирүүнүн жүрүшү жана аны активдүү ишке ашыруу үчүн муктаждыктары тууралуу маалымат берилбесе, аларга тиешелүү чаралар колдонуларын эскерткен. Тагыраагы ал «1-сентябрга чейин маалыматтарды толук бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот» деген.

Буга байланыштуу, мамлекет башчысынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды бергенин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.