Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январда өтүшү мүмкүн

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январга пландаштырылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы катары ант берүү аземинин так күнү шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө чыкканда гана айтылат. Президенттик шайлоо 10-январда болуп өткөн. Анда добуш берүүчүлөрдүн 80 пайызга жакыны шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаровду колдошкону маалым.