Садыр Жапаровдун иш сапары менен Италияга баруусу пландалып жатат

8-декабрда Ташкент шаарында «Борбордук Азия + Италия Республикасы» министрлеринин жолугушуусуна катышуунун алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуусу болуп  өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Министрлер тыгыз байланышты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстандын «ВСП+» макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул контекстте Бишкек шаарында өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилеп, италиялык инвестицияларды Кыргызстанга тартууга кошумча түрткү берүүчү өлкөнүн экономикалык жана туристтик дарамети боюнча өлкөлүк презентациясын уюштурууну пландаштырышты.

Тараптар 2022-жылдын биринчи жарымында президент Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.