Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-ноябрда Казакстан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Астана шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Иш сапардын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу юбилейлик саммитине катышты. Садыр Жапаров өз сөзүндө түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн максаттары жана приоритеттери жалпысынан Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка шайкеш келерин эске алуу менен, Кыргызстан уюмдун алкагында көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.