Садыр Жапаровдун Казакстанга сапарынын статусу — мамлекеттик болот

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-мартында Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен келет» деп жарыялады Казакстан Республикасынын тышкы иштер министрлиги.

Өлкө башчынын иш сапары менен Казакстанга барарын буга чейин Кыргыз президентинин маалымат кызматы да жарыялаган.