Садыр Жапаров Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышты. Садыр Жапаров өз сөзүндө экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын эффективдүү куралы болуу үчүн эбегейсиз потенциалга ээ. Президент ошондой эле ЭКУ алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча көз карашын белгиледи.
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп...











