Садыр Жапаров Садык Шер-Нияз менен чайлашкандан кийин экинчиси шайлоого баруудан баш тартты

Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровдун пайдасына талапкерлигин алып салды. Ал бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Кийинчерээк анын штабынан төмөндөгүдөй маалымат таратылды: «Бүгүн Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров жолугуп, учурдагы саясий кырдаалды талкуулашты. Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө президентикке талапкерлер консенсуска келди. Натыйжада Садык Шер-Нияз өз талапкерлигин алып салууну чечти. Ал эми Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, Садык Шер-Нияз козгогон сот реформасын колго алып, маданият жана билим берүү тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурмакчы болду. Ошону менен бирге Садык Шер-Нияз өлкөбүз президенттик эмес, парламентаризм багытында өнүгүшү керек деген позициясын мындан кийин дагы кармана бермекчи. Акыркы жыйырма күн ичинде бизди колдогон, көтөргөн идеяларыбызды туура түшүнгөн жана талапкерибиздин пайдасына отуз миңден ашуун кол топтоп берген колдоочуларыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз».