Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы иш-сапары Казакстанга болот

Коңшу казак элинин президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын Казакстандын президентинин расмий сайты жазды.

«Казакстандын президенти бир тууган Кыргызстан менен ынтымакта, коңшулук ынак мамиледе болуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Аны менен катар Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий иш-сапар менен келүүгө чакырган. Өз кезегинде Жапаров чакырууну кабыл алып, президент катары алгачкы иш-сапары Казакстанга боло турганын айткан.