Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонулат

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонулат. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек бул иш боюнча түшүндүрмө берди.

Президенттик пресс-катчынын айтымында Садыр Жапаров президент болуу менен катар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы милдетине да киришет. «Мындай кадам дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулуп келе жатат»,- дейт Байтерек. “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, инаугурация аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Президенттик кызматка киришүү менен Жапаров өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болот. Андыктан артиллериялык аскер техникасын колдонуу аталган иш-чаранын белгилеринин бири. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Бул учурда кошумча эч кандай чыгымдар болбойт”, — деп жазды Байтерек.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январда, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ал инаугурацияга пландалган президенттик кортеж, банкет жана башка ыксыз чыгымдардан баш тарткан.