Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине журналисттер чакырылган жок

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине журналисттер чакырылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Инаугурациянын жүрүшү мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле аземге жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери жана чет элдик медиа өкүлдөрү конок катары гана чакырыларын кошумчалашты.

«Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат. Эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу максатында журналисттерди аккредитациялоо жүргүзүлгөн жок. Анткени иш-чараны түз эфирде чагылдыруу үчүн бардыгы жеткиликтүү»,- дешти.

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январда саат 10:00дө Улуттук филармонияда өтөт.