Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чакырылды

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SEREP.MEDIA маалымат агенттигине инаугурация өткөрүү үчүн атайын түзүлгөн уюштуруу комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов  билдирди.

“Мурдагы мамлекет башчылар инаугурацияга чакырылган. Бирок аземге келеби жокпу ал белгисиз. Биз аларга чакыруу кагазын жөнөткөнбүз”, — деди жетекчи.

Анын айтымында, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун атаандаштары да аземге чакырылган. Бирок ал кимдер чакырылганы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.