Садыр Жапаровдун штабынан «Аспеков менен Жунусбеков биздикилер эмес» дешти

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун өкүлү Алексей Мощин БШК менен ИИМге Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго карата арыз жазып кайрылды.

Юристтин айтымында, аты аталган экөө Садыр Жапаровдун штабынын кызматкерлери эмес жана талапкерге эч кандай тиешеси жок жарандар. Бирок алар талапкердин ысымын колдонуу менен үгүт кампаниясына катышууда.

Өкүл Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго ИИМ менен БШКдан чара көрүүнү сурайт. Анын айтымында, Аспековду да, Жунусбековду да Жапаровдун штабынан эч ким үгүт иштери менен алектенсин деген эмес.