Садыр Жапаровдун соцбаракчасына тууга байланыштуу комментарийлер «жаадырып» жазылууда

Президент Садыр Жапаровдун Instagram баракчасына өлкөнүн желегин өзгөртпөөнү талап кылган комментарийлерди жазып жатышат.

Өлкө башчысынан калктын үнүн угууну суранып жатышат. Алсак, президенттин Инстаграмдагы акыркы постуна 5,5 миңдей комментарий жазылган. Алардын көпчүлүгү желектин өзгөрүшүнө каршы пикир жазышкандар.

Мыйзамдын демилгечилери — депутаттар Нурланбек Шакиев менен Улан Примовдун да баракчаларына чабуул жасалууда. Төрага Шакиев акыркы 5 постунун комментарий жазуу бөлүгүн жапты.

Ошондой эле депутат Улан Примов да айрым бир постторунун комментарий бөлүгүн чабуулдан кийин жапты.