Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Ал Өзгөнгө барды

Президент Садыр Жапаров 16-17-сентябрда иш сапары менен Тажикстанда болуп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.

Жыйын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары ШКУ курамын кеңейтүү боюнча чечим кабыл алышып, уюмдун ырааттуу өнүгүүсүнө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекет делегация башчыларынын Ооганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышты. Белгилей кетсек, ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өттү.

Иш сапары аяктаган соң, президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук  фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына барды. Иш-чара Өзгөн шаарында өтөт. Түз чагылдыруу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларында болот.