Жапаровдун тушунда өлкөдө авторитаризмдин күчөгөнүнүн жарыяланышы. Маалымат катчысы үн катты

Бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды авторитаризм түшүнүгү менен бир катарга коюуга болбойт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мурда түзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасында бир дагы “чечим кабыл алуучу борборлор” – башкача айтканда, президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш өлкөдө болуп жаткан окуялар үчүн толук жоопкерчиликти алган эмес. Өз ара “жууркан тартыш” социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнү токтотуп, үч “чечим кабыл алуучу борбордун” таасири астындагы кадр саясаты мамлекеттик органдардын ишинде тең салмактуулуктун бузулушуна алып келди. Мамлекеттик башкаруу системасынын кескин түрдө реформасы биринчи кезекте ушул сыяктуу көрүнүштөрдү жоюуга багытталып, өлкөдөгү бийликтин так вертикалы түзүлүп жана анын конкреттүү жоопкерчилиги аныкталды. Андыктан, бул аракеттерди авторитаризм түшүнүгү менен салыштыруу туура эмес деп эсептейбиз. Бийликтегилердин аракети биринчи кезекте күчтүү мамлекетте жашаган жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган», — деди ал.

Кечээ Civicus Monitor Садыр Жапаровдун тушунда өлкөдө авторитаризм күчөгөнүн жарыялаган.