Жекшемби, 22.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Садыр Жапаровго акыры ойлоно турган учур келди». Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады

14:13 05.10.2022
0
«Садыр Жапаровго акыры ойлоно турган учур келди». Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын октябрь окуяларынан бери эки жыл өткөнүн айтып, кайрылуу жасады.

«2020-жылдын октябрь окуяларынан бери эки жыл өттү. Ал күндөрдө болгон окуяларга тарыхчылар так баасын бериши зарыл. 5-6-октябрда эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берген президентти кулатты. Бирок андан аркы окуялар Март же Апрель революциялар учурундагыдай болгон эмес, тескеринче таптакыр башка нукка бурулган. Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган. Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип, элден өч алууга жетишти . Атайын кызматтар тарабынан жазылып, соцтармакка тараткан, уят сөздөрдү камтыган аудиотасмада муну Сооронбай Жээнбеков өзү да мойнуна алып жатат. Башкача айтканда, жеңиш элден жөн эле уурдалган. Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн «Ала-Тоо» аянтындагы карапайым эл резина окторунун, ууланган газдын жана кулак тундурган гранаталардын мөндүрүнө кантип туруштук бергени эсибизде. Бийлик аларга каршы милицияны гана эмес, аскерлерди да жөнөтүп, желим окторду, ууланган газ снаряддарын жана жеңил үндүү гранаталарды колдонду. Натыйжада аянтта 19 жаштагы Үмүт каза болду, жүздөгөн балдар олуттуу жаракат алды, ондогону көздөрүнөн ажырап, көрбөй калды. Мына ушулардын аркасы менен Садыр Жапаров абактан чыгып, президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок ал жабыркаган жаштарга кандай мамиле кылды? Сыйлыктарды тапшырып жана дарыланууга жардам берүүнүн ордуна, алардын көбүн башаламандыкка катышканы үчүн деп милиция тарабынан суракка тартылды. Ал эми тескерисинче, азыркы бийлик бир эле Сооронбай Жээнбековду коргоп-колдоп, «ырымдаган» жок, анын бүтүндөй уурулар кланын, коррупционерлерди жаап-жашыргандарды, укук коргоо органдарында кылмыш иштерди ойлоп табып токугандарды коргоп-колдоп, «ырымдап» жатат. Анткени Садыр Жапаров эмнегедир президенттик кызматы үчүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевдерге милдеткермин деп сезет, алардан кийин гана ага ишенип, лидер деп эсептеген элге карызмын деп эсептейт.

Бул анын негизги катасы. Ал чын эле ошондо көптөгөн адамдардын үмүтү болгон жана интригаларсыз, ар кандай жабышчактарсыз эле өзү жеңишке жетип, президент боло алмак. Эки жыл өттү. Балким президент чындап эле элдин жашоо турмушун жакшырткысы келип жаткандыр. Бирок башында калпка, бир ууч саясатчыларга көз карандылыкка негизделген саясат ийгиликке алып бара албайт. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун эң эле келечектүү көрүнгөн долбоорлору менен иш-аракеттери да чанда гана жакшы аяктайт. Бир калп аны менен калган кирдин баарын сүйрөп келет. Чек ара, кадрлар, экономика, коррупционерлер жана башка көйгөйлөр боюнча бүдөмүк, күмөндүү чечимдер ишенимсиздикти жана көптөгөн мыйзам ченемдүү суроолорду жаратты. Керек болсо бийлик бетине кармап мактаган Кумтөр боюнча да коомдо көп суроолор пайда болуп жатат. Келечекте бул келишим чындап эле пайдалуу болобу? Кумтөрдөн тонналаган алтын азыр кайда кетип жатат? Кезинде Кыргызстандын жетекчилигиндеги айрым адамдар “Камеко” компаниясы менен шылуундук кылып жүрүп алган “Центерранын” акциялары азыр кимге өтүп жатат? Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук системасы кыйрады. Өкмөттө да, мамлекетте да бирдиктүү чечим кабыл алуу борбору жок. Куралдуу күчтөрдү реформалоодон жана армияны курууга системалуу мамиледен артка чегинүү Баткенде көптөгөн курмандыктар менен коштолгон эки трагедияга алып келди. Биздин кошуналар чек араларыбызда эч качан мынчалык текебер болгон эмес! Жаңы-эски бийлик чындыгында чыныгы коррупционерлерди колдоп, жада калса мыйзамдаштырууга жардам берип жатат. Бийликтеги бир ууч саясатчылар каалаганын кылат, бирок аларды сурай турган эч ким жок. Жоопкерчиликти толугу менен мойнума алам деген президент ыңгайсыз суроолордон качууга аргасыз.

Анткени өлкөдөгү эң маанилүү кызматтарда жалпы ыплас сырлар, убадалар, милдеттенмелер менен байланган, эң оор кылмыштары үчүн да жазалана албай турган бир топ кол тийбес адамдар бар. Ошол эле учурда мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышына дал ушул адамдар жооптуу! Мен ар дайым айтып келем, кайсыл мамлекетте болбосун, башаламандыкка, революцияга негизди бийликтин өзүлөрү ортоңку аракеттери менен даярдап коёт. Бирок чындап эле кыйын мезгил босогодо турганда бүткүл дүйнөлүк тартип кыйрап турганда, биздин өлкөгө чындап эле дагы бир революция керекпи? Бүткүл дүйнө катастрофалар болбосо, глобалдык соккулардын босогосунда турганда? Бирок бул интригалардын саясаты, көшөгө артындагы чечимдер, калп менен куулук, коркутуулар, бийликтин уялчаактыгы өлкөбүздү кайда алып барат? Чынында эле чек ара маселелери боюнча шашылыш чечимдердин натыйжасында Кыргызстан Баткен облусунун бир бөлүгүнө түз кирүүдөн ажырап калышы мүмкүн! Ал эми бийликти бөлүштүрүү системасынын кыйрашы, өлкөнүн экономикасы менен саясатынын эң орчундуу маселелерин көшөгө артында чечүү бизди кайда алып барат? Президент Жапаровго акыры ойлоно турган учур келди. Эл алдындагы, өлкө алдындагы, тарых алдындагы жоопкерчилик жөнүндө! Менимче, азыр да ал калыс, коомчулук үчүн түшүнүктүү чечимдерди, анын ичинде кадрдык чечимдерди кабыл алууга кеч эмес. Биринчиден азыркы кырдаалда калп айтуу жана куру мактануу таптакыр туура эмес. Президент Жапаров дагы деле кырдаалды оңдой алат. Ошол эле учурда жарандар бийлик 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар сыяктуу үрөй учурган окуялардан сабак алганын көрүшү өтө маанилүү. Өкмөттүн бардык чечимдери ачык жана чынчыл болсун. Жасалма эмес, реалдуу оппозиция мамлекетке керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек . Кол тийбес адамдар болбошу керек. Ошондо гана эл менен мамлекеттик бийликтин биримдиги тууралуу сөз жаралат. Ушундай болгондо гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана балдарыбыздын келечегине ишене алабыз», — деп жазылат кайрылууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү