Abank_june
SerepTV Logo

Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” турниринин ачылышына катышты  

Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” турниринин ачылышына катышты  

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-июлда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн эл аралык мультиспорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышты.
 
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты. Касым-Жомарт Токаев мелдештерди ачып, сөз сүйлөдү. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин видеокайрылуу аркылуу катышуучуларга салам жолдоду.
 
29-июлдан 9-августка чейин өтө турган беттештерге 34 өлкөдөн сегиз инновациялык дисциплина боюнча келген 800дөн ашуун спортчу катышат.