Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазбаганын айтты

Конституциялык реформанын алкагында “жаңы редакциянын автору ким?” деген суроонун жообу топ болуп тебилип жаткан эле.
Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазбаганын айтты.

“Анын автору 20дай киши. Арасында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошолиев, Баяс Турал, Азимбек Бекназаров бар. Долбоор соңку 10 жылдан бери талкууланып келген. Болгону эки сунуш киргиздим. Биринчиси – бул президент менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын бириктирүү, экинчиси бул – элдик курултай киргизүү”, — деди Жапаров.
Анын айтымында, хандык бийлик орноткусу келсе, анда Баш мыйзамды өзгөртмөк эмес.

“Азыркы Конституция диктатураны орнотууга бардык укукту берет. Утуп алган партиялар бийликти бөлүштүрүп, бүт жакка өз адамдарын коёт. Мен саясий реформа жүргүзүп, баарын таза барактан баштагым келген”, — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорун тез аранын ичинде талкуулоону талап кылбаганын, конституциялык кеңешмеге керек болсо, анда эки ай деле талкууласа болорун билдирди.