Садыр Жапаров: «Баш мыйзамга каршы чыккан башкы адамдын бетин ачам»

Премьер-министрлик кызматын токтотуп, президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча дагы бир билдирүү жарыялады.

«Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:

Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоотпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана
(албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам.

Бул Конституцияга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам», — деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 19-ноябрда да Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча кайрылуу жарыялаган эле.