Садыр Жапаров Баткенге барды

Архив

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагында 3 күндүк иш сапары менен жүрөт. Анда ал Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты. Насостук бекет курулуп бүтсө, 140 гектар жаңы сугат жерин өздөштүрүлөт, мындан тышкары учурда пайдаланылып жаткан 290 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуунун көрсөткүчү жогорулайт. Мындан тышкары 500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Андан ары Жапаров Баткен районундагы Көк-Таш — Тамдык жана Ак-Сай — Рават автожолдорунун курулушу менен таанышты. Жолдун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт. Анын 23,5 чакырымы салынып бүткөн.