Садыр Жапаров чет жактан жардам алуу үчүн 1 миллион доллар жумшап, атайын адам жалдадыбы?

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бийликке келгенине эки апта болгондон кийин өлкөнүн кызыкчылыгын лобби кылуу тууралуу келишимге кол койгону айтылды. Ал келишимдин баасы 1 миллион доллар турат жана экономикалык кризиске байланыштуу эл аралык жардам алууну көздөйт. Кыргыз бийлигинин атынан бул келишимге Бишкекте катталган «Реннесанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси Абдыманап Карчыгаев кол койгон. Бул тууралуу ForeignLobby.com (ФорежнЛобби.ком) басылмасы жазып чыкты.

Анда жарыялангандай, 30-октябрда мамлекет башчынын аппараты израилдик аскердик чалгындын мурдагы офицери Ари Бен-Менаше жетектеген менчик компания менен келишимге кол коюшкан. Документке ылайык, жалданган тарап АКШ, Израиль, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери жана башка макулдашылган өлкөлөрдүн бийлигинде Кыргыз өлкөсүнүн атынан анын кызыкчылыктарын сүрөйт. Мындай кызматтын баасына келсек, 1 миллион доллардын жарымын 500 миң долларды алышканы айтылат. Басылманын маалыматына ылайык, жалданган тарап АКШдан материалдык жардам алууга, Садыр Жапаровду АКШнын жогорку кызматтагы адамдары менен кыска убакыттын ичинде жолугуштурууга аракет кылат. Ушундай эле аракеттер Израилдин өкмөт башчысы, Сауд Аравия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруу боюнча жасалат.

Жогорудагы келишим тууралуу маалыматты президенттин милдеттин аткаруучу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек төгүнгө чыгарды. Садыр Жапаровдун бул документке эч кандай тиешеси жок. Кол койгондор анын атына жамынгандар болушу ыктымал. Мындай маалыматтын чыгып кетиши президенттик шайлоого жакын кимдир бирөөнү каралоого байланыштуу болушу мүмкүн”, — деди басма сөз катчы.