Садыр Жапаров депутаттардан жардам сурады

Кечээ, 28-октябрда Жогорку Кеңеште Садыр Жапаров жетектеген министрлер кабинети ант берди.

Садыр Жапаров биринчи жолу 6-октябрда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп бекитилгени маалым болгон. Бирок ал процесстин мыйзамдуулугу суроо жараткандыктан, 14-октябрда Жапаров үчүнчү жолку аракетте гана премьер-министр болуп бир добуштан шайланган эле.

Өкмөт башчы ант берүү аземинде депутаттардан экономикалык мыйзамдарды тез арада колдоп берүүнү өтүндү. «Сиздерге кезексиз кароого экономикалык мыйзамдар киргизилди. Ошолорду карап, бүтүрүп беришиңиздерди суранып кетет элем. Чоң жардам берген болосуздар, бизге», — деди Жапаров.

Андан тышкары Садыр Жапаров конституциялык реформа жасоого депутаттардан жардам сурады. “Бир кишинин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн конституциялык реформа бизди күтүп турат”, — деди өкмөт башчы.