Садыр Жапаров коррупцияны жок кылууга Конституция тоскоол болуп жатканын айтты

Кечээ, 29-октябрда Садыр Жапаров баштаган министрлер кабинети биринчи өкмөттүк жыйынын өткөрдү.

Анда президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы коррупцияга каршы күрөш өтө оор болуп жатканын айтты. “Коррупцияны жок кылууга шарт түзүү үчүн Баш мыйзамды, башкаруу системин өзгөртүү керек. Конституциялык реформадан кийин коррупцияны жойбосок, азыр татаал болуп жатат. Бүт дүйнө киреше тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат”, — деди Садыр Жапаров.

Өкмөт башчы кадрдык саясатка да токтолду. Айтымында, мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат жана айрым кадрларды 2-3 айдан кийин сынак аркылуу кайра тандап, тазалашат.