Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсү курчуп жатат

Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсү курчуп жатат. Депутат “Мегаком” компаниясын орусиялык ишкер Леонид Маевскийге сатмакчы болгонун президенттикке өзүн көрсөткөн талапкер далилдөөгө даярмын дейт. Бул тууралуу Жапаров телеканалдардын бирине берген маекте айтты.
“Мен “Ата Мекендин” лидерин 30 жылдан бери билем. Анын чыныгы жүзүн иштеше баштаганда көрдүм. Эл бузукуларды ээрчип кетпеши керек. 2010-жылы Өмүрбек Текебаев Конституцияны өз кызыкчылыгын көздөп жазганын саясий элитанын баардыгы билет. Себеби ал парламентке көп добуш менен келем, спикер болом деп ойлогон”, — деди Садыр Жапаров.
Жапаров Текебаевди уюлдук операторду коррупциялык жол менен сатууга аракет кылган деп айып такты. Муну президенттин милдетин аткарып жаткан убакта айта албаганын, бирок азыр айта аларын билдирди. “Текебаевдин Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын. Чын экенин баары, анын ичинде экс- депутат Феликс Кулов да билет. Эгерде төгүнгө чыгарса, анда Өмүрбек Суваналиев менен мен далилдей алам”, — деди Жапаров.
Эки саясатчы өткөн аптадан тартып, тагыраагы Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга чыккандан бери ушул теманын айланасында бири-бирине катуу сын-пикирлерди жаадырып башташканы маалым.