Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровго байланыштуу материалдар Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө түштү

Президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлер Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровго байланыштуу материалдар Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө түштү.

Биринчи талапкер боюнча, Ноокат районунда добуш сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп башталды. Анда Садыр Жапаровдун атынан делген азык-түлүк белгисиз адамдар тарабынан таратылган.

Экинчи талапкер боюнча, Адахан Мадумаровдун Москвадагы мекендештер менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу материал БШКга жөнөтүлдү.