Садыр Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсү жана калкты COVID-19дан сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

«Кыргыз тарап буга чейин аныкталган тышкы саясат багытын эч качан өзгөрбөйт жана Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары дагы чыңдоого жана бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Мен өз ара аракеттенүүнү жана эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди көрүүгө даярмын», — деди Садыр Жапаров.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантуу зарылдыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди өз ара жактарын ырасташты.

Кечээ, 12-ноябрда Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.