Садыр Жапаров: «Райымбек Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбейт»

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ЭлТР телеканалына берген маегинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча айтып берди. Жапаровдун айтымында, Матраимов тергөө менен кызматташууга кол коюп берип, 80 миллион сом төлөп, калган 2 миллиард сомду октябрь айынын аягына чейин которууга макул болгон. Учурда Матраимов үй камагында жана ал чет өлкөгө чыгып кете албайт.

“Камап деле коймокпуз. Бирок аны менен маселе чечилбейт. Эгерде ал камакка алынса, бир дагы адам анын эсебинен акча ала албайт. Ошон үчүн ушундай кадамга бардык. Сүйлөшүп алышты деген сыяктуу ушактарды тараткандар бизди каралап жаткандар” деди Садыр Жапаров.

Вице-премьер Максат Мамыткановдун айтымында, Матраимов боюнча иликтөөлөр аягына чыга элек. “Бизге адегенде Райымбек Матраимов аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алганы жатат деген маалымат келип түшкөн. Кийин атайын кызматка анын кайда экендигин аныктоо тапшырмасы берилген. Бул ишке ашты. Матраимовдук схемалар – фейк эмес жана ойдон да чыгарылган эмес” деген Мамытканов.

Эки күн мурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалып, ал эч жакка кетпейм деген тил кат менен эркиндикте калтырылган. УКМК жайылткан маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов бажыда корррупциялык схемаларды уюштурууга шектелүүдө. Матраимовдун кармалганы тууралуу талкуу социалдык тармактарда тынчыбай, басымдуу бөлүгү “мыкты спектакль көрсөтүлдү” деп жазышкан болчу.