Садыр Жапаров расмий иш-чарага алгачкы ирет галстук тагынып чыкты

Бүгүн, 10-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын өкүлчүлүгү алдында видеоконференция форматында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун отурумуна катышууда. Жапаров отурумга катышып жаткан өлкө жетекчилерине коронавирус илдети менен күрөшүүдө болгон жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, андан сырткары Кыргыз өлкөсүндөгү президенттик шайлоо 10-январга белгиленгенин айтып өттү.

Интернет колдонуучулар отурумдан да, Садыр Жапаровдун сырткы көрүнүшүнө көңүл бурушту. Тагыраагы өкмөт башчынын галстук тагынып чыкканы көпчүлүктү көңүл кош калтырган жок. Себеби ал буга чейин бир дагы расмий иш-чарага галстук тагынган эмес.