Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо босогосун төмөндөтүүгө, күрөөнү азайтууга, ошондой эле №2 формасын колдонуудан баш тартууга мүмкүндүк берген конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган. Парламентте жарандардын кызыкчылыгын коргогон саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.
Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:
өлкөнүн аймагында №2 формасын жокко чыгаруу (башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарандар гана шайлоо участкасын өзгөртүү укугуна ээ болушат);
шайлоодо бир пайыздан кем эмес добуш алган президенттикке талапкерлерге жана саясий партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү (мурда 5 пайыздан кем эмес болчу);
партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү;
шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүү.
Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казуу иштери башталып, иш-чарага Садыр Жапаров катышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарада “Кумтөрдүн келечеги...