Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековго ырымдап макам бергенин айтты

“Соңку 30 жылдан бери бизде “экс” деген макамы бар бир да президент жок. Ырым кылып Сооронбай Жээнбековго экс-президент деген макам бердик”. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ошко барган иш сапарында билдирди.

Жээнбековго экс-президент макамын берүүгө каршы болгондор чыкты. Көпкө ойлондум. Бардык соккуну өзүмө алып, ага макам берүү боюнча буйрукка кол койдум. Анткени бизде 30 жылдан бери экс-президент жок. Экөөнү кубалап ийгенбиз, бирөөнүн макамын алып түрмөгө тыкканбыз. Сооронбай Шариповичти да кубалап, түрмөгө тыксак, мындан кийин да терс көрүнүштөр улана бербейби деп ойлоп, ырым кылып ушундай кылдым. Мындай жол аркылуу кийинки бийлик мыйзамдуу жол менен келет дегенди көрсөткүбүз келди”, — деди Садыр Жапаров.

Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамынан Жогорку Кеңеш ажыраткан, ал эми экс-президент деген макамы бар Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны Садыр Жапаров эмнегедир эсепке алган жок.