Садыр Жапаровдун кемсели талкуу жаратты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргыз жарандарына кайрылуу жолдоду.

Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.

Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээги мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!” деп жазылган кайрылууда.

Кечээ шайлоолорду 2021-жылдын 1-июнуна чейин токтотуп, конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына дейре өткөрө турган мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, кийин ага президенттин милдетин аткаруучу кол койгон.

Ушул текстке улай эле Садыр Жапаровдун сүрөтү кошо жарыяланды. Анда көрүнүп турган Жапаровдун кемсели социалдык тармактардын талкуусуна жем таштады. Колдонуучулар интернет дүкөндөрдөн дал ошондой, бирок башка түстөгү кемселди таап, анын баасы 250 миң сомдун тегерегин чапчый турганына көңүл бурушкан.

Азырынча президенттик аппараттан да, өкмөттүк аппараттан да Жапаровдун кемселине байланыштуу жогорудагы маалымат төгүнгө чыгарылып же ырастала элек.