«Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат». Ташиев айрым талапкерлерге кайрылды

«Кээ бир талапкерлер программасын эмес, бирөөнү жамандоо, каралоо, элге туура эмес маалыматтарды таратуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатышат». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Мен ошол талакерлерге айтып коёюн дедим. Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Тилин тыйып, элге маалыматты туура берип, өзүнүн программасын түшүндүрүп, элдин добушун алып келсе, биз шарт түзүп берип жатабыз. Биз аларга шарт түзүп берип жатабыз. Алар этиканы сакташ керек. Мамлекет башчысына ар кайсы сөздөрдү айтып, этиканы сактабай, мамлекеттик кызматкерлерге ар кайсы сөздөрдү айтып жүрүшөт. Айткан сөзүнүн, тилинин азабын тартат», — деди ал.