Сахалинде жашаган Кыргыз жарандары биринчилерден болуп добуш беришти

Бишкек шаарынын убактысы боюнча бүгүн, 10-январда саат 3:00дөн тартып биринчилерден болуп Южно-Сахалинскте жашаган Кыргыз жарандары добуш беришти. Кийин саат 4:00дөн баштап Владивосток, 5:00 Якутск, 6:00 Иркутск, 7:00дөн тартып Новосибирскте жашаган Кыргыз жарандары шайлашты.

Шайлоо жана референдум үчүн баардыгы болуп 2474 шайлоо тилкеси ачылды, анын ичинде 48и чет өлкөлөрдө жайгашкан. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 3 миллион 563 миң 574 жаранды түзөт, анын ичинен 49 миң 479 жаран чет жакта жашайт. Шайлоочулардын 52,21 пайызын аялдар, 47,67 пайызын эркектер түзөт. 18 жаштан 30 жашка чейинкилер жалпы добуш берүүчүлөрдүн саны 31 пайыздан ашат.

Президенттик шайлоого 17 талапкер катышып жатат.