Сайдулла Нышанов: «Депутаттардын 90 пайызы элди алдап бийликке келишкен»

«2015-жылы келген азыркы Жогорку Кеңештин 90 пайыздан ашык депутаттары өз убагында элди алдап, бийликке келишкен. Азыр деле бул нерсе учурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жаткан талапкерлерде кайталанып жатат». Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына жаңы лидер болуп шайланган депутат Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Депутаттардын 90 пайыздан ашыгы куру убадалар менен элди алдашат. Карапайым калк жөнөкөй болот экен да, алданып калат. 2015-жылы шайланып келген азыркы депуттар, учурдагы жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин айткан убадалары, жарнамалары реалдуу жашоодо иштебеген жок нерселер. Алар элдин жашоосун жакшыртабыз деген таризде бардык нерселерди айтып жатышат. Бирок алар ишке ашпайт. Биз мамлекеттин мүмкүнчүлүгү, ресурсу алар айткан убадаларды ишке ашыра албарын билебиз да», — деди Сайдулла Нышанов.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.