Сайдулла Нышанов: «Фракциядагылар шайлашты, лидер болдум»

Бүгүн, 30-мартта Сайдулла Нышанов «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды. Анын орун басары жакында эле депутаттык мандат алган Шайлообек Атазов болду. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА агенттиги Сайдулла Нышанов менен байланыштык.

Фракциянын 7 депутаты алардын талапкерлиги үчүн добуш беришкен. 4 депутат отурумга катышкан эмес.

«4-февралда партиядан чыгам дегем. Чыктым. Ал эми фракция отурумда мени лидерликке көрсөтүштү жана шайлашты. Ал эми Шайлообек Атазов болсо, 2015-жылкы парламенттик шайлоого катышкан. Депутат болуп келди. Аны да фракциядагылар лидердин орун басарлыгына көрсөтүштү жана шайлашты»,- деди ал.

Фракцияны буга чейин Өмүрбек Текебаев, Айсулуу Мамашова жетектеген. Өмүрбек Текебаев 29-мартта соттун чечими менен мандатынан ажыратылган.