Сайдулла Нышанов: «Импичмент эмес, «И» десең сага кылмыш иши козголушу мүмкүн»

«Жаңы Конституция долбоору боюнча президентке импичмент жарыялоо деген болбогон кеп Импичмент эмес, «и» дегениңде сага кылмыш иш козголушу мүмкүн». Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына жакында эле лидер болуп шайланган депутат Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий  коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Бизде бийлик кимде болсо, ал трос менен тарткандай баарын кысып коёт экен. Бизде буга чейин деле парламенттик башкаруу болгон менен президенттер башкарып келген. Азыркы жаңы Конституция кабыл алынып, президент командасы менен иштетип кетсе жакшы. Бирок иштете албай калса, кайра эле эл көтөрүлүп чыгат», — деп айтты ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.