Сайдулла Нышанов: «Мен Текебаевдин этегин кармап, депутат болгон эмесмин»

«Мен Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан да депутат болгом. Эки жолку чакырылышында «Ата Мекен» партиясы менен депутат болдум. Бирок мен лидердин (ред. Өмүрбек Текебаевдин) этегин кармап, парламентке келген эмесин. Менин өзүмдүн колдоочуларым бар». Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына жакында эле лидер болуп шайланган Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтып чыкты.

«Менин өзүмдүн колдоочуларым бар. Мен бир сом бербестен бийликке келгем, бул жөнүндө менин шайлоочуларым жакшы билишет. «Ата Мекенден» эң көп добуш алган депутат болгом. Өмүрбек Текебаев менен мамилем жакшы. Бирок мен анын этегин кармап депутат болгон эмесмин», — дейт Нышанов.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.