Сайдулла Нышанов: «Лидер шайлоого фракциядагы бардык депутаттар чакырылган»

Депутат Айсулуу Мамашова «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон эмес. «Ата Мекенге» Өмүрбек Текебаев өзү эле жетекчилик кылып келген. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына 30-мартта жаңы лидер болуп шайланган депутат Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Менин «Ата Мекенге» лидер болуп шайланарымдан Айсулуу Мамашова кабардар эмес болчу деген маалыматка тактоо киргизип койсом… Фракцияга лидерликти шайлоого бардык депутаттар чакырылган. Үч гана депутатыбыз жүйөөлүү себептер менен келген жок. Бул иш алдын ала эле пландалып болгон. Өзүбүздүн интернеттеги группаларыбыз аркылуу «Ата Мекендин» депутаттарынын бардыгына айтылган. Ал жерде кабардар болбоо өзү мүмкүн эмес эле», — деди Нышанов.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.