«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен Башкы прокуратура кимдин колунда болсо, ошол парламентти да, өкмөттү да музыкасы жок бийлетет». Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына 30-мартта жаңы лидер болуп шайланган Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.
«Жогорку Кеңеш буга чейин эч качан өкмөттү өзү шайлаган эмес. Президент сунуштаган талапкерлер эле премьер-министр болуп келген. Президенттер биздин колубуз менен чокту карматат эле да. Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын бир жетишкендиги — президент жоопкерчиликти ала турган болду», — дейт ал.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.