Сайдулла Нышанов: «УКМК менен башкы прокуратура кимдин колунда болсо ошол өкмөттү, парламентти да музыкасыз бийлетет»

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен Башкы прокуратура кимдин колунда болсо, ошол парламентти да, өкмөттү да музыкасы жок бийлетет». Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына 30-мартта жаңы лидер болуп шайланган Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

«Жогорку Кеңеш буга чейин эч качан өкмөттү өзү шайлаган эмес. Президент сунуштаган талапкерлер эле премьер-министр болуп келген. Президенттер биздин колубуз менен чокту карматат эле да. Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын бир жетишкендиги — президент жоопкерчиликти ала турган болду», — дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.