Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, саламаттыкты сактоо министри жок болгон мезгилге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбековго министрдин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 4-июнда президент Башкы прокуратура тарабынан кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетти.