Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.
Үсөнбаев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп 2020-жылдын апрелинен 2021-жылдын 25-мартына чейин иштеген.