Саламаттыкты сактоо министринин мурунку орун басары Нурболот Үсөнбаев жаңы кызматка дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.

Үсөнбаев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп 2020-жылдын апрелинен 2021-жылдын 25-мартына чейин иштеген.