Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары дайындалды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин жаңы дайындалган орун басарлары жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович жана Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп дайындалды.

Буга чейинки орун басарлар— Нурболот Үсөнбаев менен Мадамин Каратаев 25-мартта кызматтан кеткен болчу.