Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулду

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынган.